www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Жасалма диплом алган адам да, берген тарап да жоопкерчиликке тартылышы керек», - деди бүгүн, 16-мартта NazarNews маалымат агенттигине профессор Венера Акматова.
- Венера эже, УКМК бир жасалма диплом саткан бир канча окуу жайдын тизмесин жарыялады. Эми жасалма диплом алгандарды дагы, бергендерди дагы жазалаш керекпи?
- Жасалма диплом алган адам да, берген тарап да жоопкерчиликке тартылышы керек. КР Кылмыш-жаза кодексинде мамлекеттик документтерди жасалма жол менен алуу-берүү кылмыш катары эсептелип, атайын беренеде жазалоонун түрлөрү көрсөтүлгөн.
Жасалма диплом берген структуралар, андагы кызматкерлердин аттарын ачык айтып тиешелүү жазаларын бергенде гана бул иштин акыйкаттык менен аягына чыгып же бөгөт коюуга болот. Биз саясат тазаланса оӊолобуз, экономиканы жакшыртсак өнүгөбүз деп ойлойбуз. Билим берүүнү жакшыртмайынча бул экөөнү теӊ өзгөртүүгө мүмкүн эмес.
Анткени, мамлекеттин үстүнөн уратпай кармап турууга кудурети жете турган, тереӊ билимдүү, бийик интеллектуал, адеби таза, тарбиялуу, маданияттуу инсанды ким, кайдан даярдап чыгарат!?
Жасалма диплом алгандардын саны, берген окуу жайларынын аттарынын ачык аталышы бул Остап Бендер айтмакчы «муз ордунан жылды» деген эле сөз. Ушуну менен бул иш-аракетти ырааттуу алдыга жылдырып, билим берүүдөгү коррупцияга бөгөт коюу, колдон келсе түп-тамыры менен жоюу иштерин жүргүзүү туура болот.
Анткени дагы тереӊдеп текшеришсе өзү жок, бирок «зачеткасы» окуп жүргөн магистрант, студенттер толтура. Алардын окуу китепчелери өзү басып, бааларын өзү коюп алып жүргөн жок да. Аны бүтүрүп аткан кимдер деген чоӊ суроо бар.
Окуу жайдын эшигин тапшырганда бир, диплом алганда экинчи жолу аттаган адамдардын бардыгынын дипломдору жасалма. Кесиптик тармагындагы дилетант, чала сабаттардын армиясы бүтүндөй мамлекеттик кадр саясатын кризиске алып келди.
Алар жасалма диплому менен иштеген жеринин кадыр-баркын кетирип эле тим болушпастан, канчалаган жаштардын тереӊ билим алууга болгон умтулуусун, мыкты адис болуу мүдөөсүн талкалап жатышат.
Булак: NazarNews.kg