www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Иранда курд улуту баштаган башаламандык уланууда. Интернеттеги маалыматтар боюнча жүздөгөн жарандар курман болду. 10-январда Ирандын көчөлөрүндө 1,5-1,85 миллион жаран чыккан, жалпысынан Иранда 85 миллион адам жашайт. Башаламандык 512 айыл аймакта, 180 шаарда жана 31 провинцияга жайылды, деп жазышкан.

Куралдуу көтөрүлүштүн кесепетинде 25 мечит жана 26 банк өрттөлүп, көтөрүлүш кылган бир нече лидерлери жана 2500дей жаран камалды. Ирандын расмий маалыматына таянсак, төңкөрүш күч менен басыла баштады, кармалган адамдар сот астында жоопко тартылууда.

Ирандын сүргүндө жүргөн мурдагы мураскер ханзаадасы Реза Пехлеви жекшемби күнү өкмөткө каршы нааразылык акцияларына чыккандарды көчөдө калууга чакырды.

Азыр сүргүндө жүргөн маркум шах (падыша) Мохаммед Реза Пехлевинин уулу, 65 жаштагы мураскер ханзаада Пехлеви X соцтармагына жарыяланган видео кайрылуусунда нааразычылык акцияларынын катышуучуларынын эрдиги дүйнө жүзү боюнча, айрыкча АКШнын президенти Дональд Трамп тарабынан макталып жатканын билдирген.

Дүйнө жүзүндө 30тан 45 миллионго чейин өз өлкөсү жок курд улуту жашайт. Алардын эң көп коомчулугу Түркияда 15-20 млн, Иранда 8-12 млн, Иракта 6–7 млн, Сирияда 2,5–3,6 млн, Европада 2,5 миллиондон ашык адам жашайт.

Бүгүн, 11-январда АКШ менен Израил Ирандагы ызы-чуу боюнча кийлигишүүнү талкуулашты. Жыйынтыгында АКШнын президентти Дональт Трамп: "Эгерде алар мурдагыдай эле адамдарды өлтүргөндү улантышса, анда биз кийлигишебиз. Алардын ооруган жерине катуу сокку урабыз", - деди.

Эгерде АКШ Иранга сокку ура турган болсо, Тегеран Израилди, АКШнын аскердик базаларын жана кемелерин аскердик бута катары карайт, деп билдирди Иран парламентинин спикери Трамптын ирандык нааразылык акцияларын колдогон билдирүүлөрүнөн кийин.

Тыштан кылмышкер менен каракчылар Иран мамлекетинин эгемендүүлүгүнө кол салып жатканда Кытай аларды жөн эле карап турбайт. Иран бийлиги кандай жардам сураса каржыбы, техникабы, чалгындообу же аскерийби Кытай ар дайым кол сунууга даяр, деди Кытай Эл Республикасынын Тышкы Иштер министрлиги.

Екер Аска, NazarNews

Последние новости