www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги Европанын 6 өлкөсүнө виза бере баштайт. Бул туралуу бүгүн КР ТИМ башчысы Руслан Казакбаев расмий иш сапары менен Бишкекке келген Венгриянын тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча журналисттер менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, бүгүн анын венгер кесиптеши менен абдан жемиштүү сүйлөшүүлөр болду. Көп маселелер боюнча келишимге жетишилди.

“Европа өлкөлөрүнүн жана Евробиримдиктин ичинен Венгрия Кыргызстандын алгачкылардан болгон стратегиялык өнөктөшү экенин белгилеп кетким келет. Бүгүн биз абдан жемиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк жана күн тартибинде турган бардык маселелер боюнча макулдашууга жетиштик. Бүгүн Стратегиялык кеңеш түзүп, актуалдуу маселелерди чечүү үчүн туруктуу жолугушууларды өткөрүп турууга макулдаштык. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынын аягында Венгриянын КРдагы элчилиги Европанын 6 өлкөсүнө: Испания, Италия, Австрия, Чехия, Польша, Словакияга виза бере баштайт”,-деди Казакбаев.

Мындан тышкары, өлкөлөр Кыргызстандын Венгриядагы элчилигин ачууга макулдашышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости