www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

2024-жылы Батыштын либералдык гегемониясына чекит коюлушу ыктымал, үстөмдүк жасоонун негизинде түптөлгөн дүйнө тартиби кыйроого тушукту. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан билдиргенин РИА Новости жазды.

"Быйыл, кудай буюрса, батыш цивилизациясынын доорун соңуна чыгарып калгыбыз бардыр. Прогрессивдүү либералдык гегемониянын негизинде түптөлүп, кыйроого учураган дүйнө тартибин соңуна чыгарууга мүмкүнчүлүк бар. Ал дүйнөгө согуш, башаламандык жана талкаланган экономика гана берди", — деген жетекчи.

 

Орбандын айтымында, "прогрессивдүү либералдар чочуй баштаганы" менен ушу кезге чейин бийлик башында турушат, алар "өтө кооптуу душман, эч нерседен кайра тартпайт, моралдык жоопкерчилиги жок".

Венгрия премьери Европарламентке шайлоо учурунда "баары баш ийген гегемондук-идеологиялык көзөмөлдү түзүүгө" аракет кылган "жетекчи боло албаган жетекчилерди" суверенитетке багыт алган саясатчылар менен алмаштырууга убакыт жетти.

Орбан "либералдык мейнстрим" тарабынан болуп жаткан кысымга Брюсселде өткөн жумада конференцияга тоскоолдук жаратуу аракеттерин, АКШнын экс-президенти Дональд Трампка каршы соттук процессти, оңчул саясий партиялардын артынан немецтик атайын кызматтардын түшүүсүн, журналист Такер Карлсондун Европадагы ишмердүүлүгүнө тыюу салуу аракеттерин мисал келтирди.

"Суверенчилердин доорун кайтаралы, тыкчтыкка, коопсуздукка кайталы. Американы да, Европаны да кайрадан улуу кылалы!" — деп сөзүн жыйынтыктаган саясатчы.

Буга чейин Орбан Брюсселдин чечимдеринин артында Европа эмес АКШ тургандай сезим калып жатканын белгилеп, Европаоламентке жайында өтө турган шайлоо элдин кызыкчылыгын көздө йалбай калган европалык лидерлердин курамын өзгөртүп коерун эскерткен. Ал кыйын кырдаалдан чыга албаган ЕБдин азыркы жетекчилигин алмаштыруу керек деген пикирде.

Орбандын айтымында, Брюсселде учурдагы жетекчилер Украинага байланышкан көйгөйлөрдү чече алышкан эмес. Венгрия премьери Евробиримдик Будапештке басым жасап жатканын белгилеп, мүчө мамлекеттерге чет-жакасындагы айыл-кыштак катары мамиле жасаган мындай Брюсселдин "кереги жок экенин" кошумчалаган.

Андан мурун Орбан Брюссель "Венргия үчүн начальник" эмес экенин билдирип, жалпы европалык чечимдерди талкуулоодо өлкө өз көз карашынан тайбай турганын белгилеген. Анын айтымында, Венгрия Брюсселдин айтканын жазбай аткарган мамлекеттерге кирбейт, мындан улам Украинага курал-жарак жеткирип каражат бөлбөйт. Премьер, мындан тышкары, өлкө аймагына мигранттар киргизилбей турганын, венгриялык мектептерде сексуалдык азчылык пропагандаланбай турганын да белгилеген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости