www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Венгрия Украинага жардам берүүдөн баш тартты

Евробиримдиктин тышкы иштер министрлеринин 20-июлдагы жыйынында Венгрия Киевге 20 миллиард евро өлчөмүндө кошумча жардам берүүгө каршы экенин тышкы иштер министри Петер Сийярто социалдык тармактан билдирди.

Министр белгилегендей, Будапешт Украинадан өлкөгө мурда бөлүнгөн 10 миллион евро боюнча отчет берүүнү талап кылат.

“Брюссель Украинага курал-жарак жеткирүү үчүн дагы 20 миллиард евро бөлүүнү каалайт. Бүгүн Брюсселдеги Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында бул сунушту бекитүү үчүн катуу кысым болот, бирок Венгриянын позициясы ачык бойдон калууда. Биз Украинага буга чейин бөлүнгөн 10 миллион евро боюнча отчетту күтүп жатабыз”, - деп жазды Сийярто.

Буга чейин Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы украин чатагы боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрү токтоосуз башталышы керектигин, анткени алар үчүн шарттар начарлап баратканын белгилеген. Ал бардык кызыкдар тараптарды сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырды.

Буга байланыштуу Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин башчысы ок атышууну тез арада токтотууга жетишип, украин жаңжалын дипломатиялык жол менен жөнгө салууну баштоого үндөдү. Сийярто Венгрия сүйлөшүүлөрдү алдыга жылдырганы үчүн чабуулга кабылып жатканын айтты.

Бирок Будапешт бул линияны уланта берерин билдирди. Ал эл аралык коомчулук Украинада “курал эмес, көбүрөөк тынчтыкты” камсыздайт деген үмүтүн маалымдады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости