www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда борборубузда дагы ири инвестициялык долбоор ишке ашырылып жатат. Ал — Бишкектин саркынды сууларын тазалоочу жайын толук реконструкциялоо.

Кечээ Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган жайга барып, курулуштун жүрүшү менен таанышты. Долбоордун жалпы наркы — 56 миллион доллар. Учурда эки резервуар пайдаланууга берилип, башкаруунун автоматташтырылган системасы ишке киргизилди.

Объекттин кубаттуулугу суткасына 380 миң куб метрди түзөт. Ал жерде саркынды суулар тазалоонун бир нече этабынан өткөрүлүп, акырында Чүй дарыясына агызылат.

Эске салсак, бул объект ошол кездеги алдыңкы делген технологиялардын негизинде курулганы менен, 1970-жылдардан бери технологиялар кыйла өнүгүп кетти. Анын үстүнө, ошол учурда борбордун калкы 400 миңдин тегерегинде болсо, азыр миллиондон ашты.

Бирок совет мезгилиндеги курулуштарга мүнөздүү болгондой, анын бекемдик запасы жогору болгон экен. Тазалоочу жайдын кызматкерлеринин айтымында, эксплуатациялык мөөнөтү эбак өтүп кетсе да, анча-мынча оңдоп-түздөөлөр менен иштеп келген. Кубаттуулугу суткасына 380 миң куб метр сууну тазалоого эсептелгени менен, иш жүзүндө 240–250 миң куб метр сууну тазалап жатат.

Мэрдин айтымында, мурда тазалоонун бир катар процесстери кол менен аткарылып, саркындылардын сасык жытына чыдоо кыйын болгон. Эми жаңы дат баспаган болоттон жасалган жабдуулар орнотулуп, көпчүлүк процесстер заманбап технологиялардын негизинде автоматташтырылат.

А. Жунушалиев шаардын калкынын келечектеги өсүшү эске алынып, объекттин кубаттуулугун суткасына 500 миң куб метрге чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү тапшырды. Эгер жаңы курулма ишке кирсе, саркынды суулар жакшы тазаланып, экологияга зыяны азаят деп күтүлүүдө.

Баса, совет мезгилиндеги салт боюнча, тазаланган суунун сапаты ичүүчү суудагыдай деңгээлге жеткирилип, аны далилдөө үчүн курулушту бүтүргөн ишкананын жетекчилиги тазалоодон чыккан сууну ичип көрүүгө тийиш болгон. Эгерде ал курулуштун жана орнотулган жабдуулардын сапатына кепилдик бере алса, тартынбай ичкен.

Бул жолу вьетнамдык инвестор сууну ичип көрөбү же жокпу — ага жыл аягында күбө болобуз.

Мырзакат Тыналиев

Последние новости