www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вьетнамдын Улуттук жыйынынын Төрагасы Чан Тхань Ман Марлен Маматалиевди Жогорку Кеңештин Төрагасы болуп шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолдогон телеграммасында Чан Тхань Ман Вьетнам мамлекети Кыргызстан менен салттуу достук мамилеге чоң маани берерин жана аны мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Алдыдагы мезгилде эки тараптын биргелешкен аракеттеринин натыйжасында мамлекеттер аралык алака, айрыкча мыйзам чыгаруу органдарынын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык жигердүү өнүгөт деген ишеничтемин”, – деп билдирген. 

Ошону менен катар Чан Тхань Ман кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылык тилеп, ал эми Төрага Марлен Маматалиевдин жооптуу ишине ийгиликтерди каалаган. 

Последние новости