www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү маселелерине арналган жыйын өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жыйындар залында уюштурулуп, ага спорттук федерациялардын президенттери жана өкүлдөрү катышты.
Жыйынга агенттиктин директору Урмат Асанбаев төрагалык кылды. Жолугушуунун жүрүшүндө алдыдагы ири эл аралык спорттук иш-чарага байланышкан негизги уюштуруу маселелери талкууланды.
Катышуучуларга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу кеңири маалымат берилип, буга чейин аткарылган иштер жана улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүүгө багытталган келечектеги пландар тааныштырылды.
Ошондой эле спорттук федерациялардын өкүлдөрү оюндарга катышууга даярдык көрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, уюштуруу иштерин жакшыртуу боюнча өз сунуштарын жана пикирлерин билдиришти.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин маданий мурасын, улуттук спорт түрлөрүн жана салттарын даңазалаган дүйнөлүк деңгээлдеги ири спорттук иш-чаралардын бири болуп саналат.