www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ВИЧ жана вирустук гепатиттерди көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордо адамдардын көптүгүнө байланыштуу мекеме түшүндүрмө берди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы убакта борборго кайрылгандардын саны кыйла көбөйгөн. Алардын арасында медициналык кароодон өтүп жаткан чет элдик жарандар да бар.
Учурда борбор күнүнө орто эсеп менен 400-500 адамды кабыл алууда. Алардын болжол менен 300-350ү — чет элдик жарандар.
Мекеменин маалыматына караганда, келгендердин көбөйүшү адистердин жана лабораториянын иш көлөмүн арттырган. Лабораториянын азыркы аянты 33,8 чарчы метрди түзүп, анын мүмкүнчүлүгү күнүнө болжол менен 200-250 анализ же кайрылууну кабыл алууга эсептелген.
Борбордо кан алуу кийинки күнгө жылдырылбай турганы белгиленди. Мекеменин маалыматына ылайык, кезек негизинен адамдар кабыл алууга жазылууга келген учурда, таңкы убакта көбөйөт.
Кезек маселесин чечүү үчүн борбордо кошумча мейкиндикти капиталдык оңдоого даярдык көрүлүүдө. Бул үчүн тендер жарыяланып, анын алкагында жалпы аянты 29,9 чарчы метр болгон үч кошумча кеңсе жана бир коридор түзүү пландалууда.
Оңдоо иштери аяктагандан кийин борбордун күнүмдүк кабыл алуу мүмкүнчүлүгүн 500-600 адамга чейин көбөйтүү күтүлүүдө. Мекеме бул кабыл алууну уюштурууну жакшыртып, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берерин билдирди.
Буга чейин социалдык тармактарда аталган борбордо кезек күткөндөрдүн саны кескин көбөйүп, кабыл алууда башаламандык жаралып жатканы тууралуу маалыматтар тараган.