www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
9-май жакындаган сайын, Кыргызстандын мектептеринде балдардын киймине «Георгий тасмаларын» тагып, аны эч качан чечпегиле деген тапшырма берилген учурлар көбөйө баштады. Бул көрүнүш – турмушта эч нерсени түшүнө элек секелек кыздарга хиджаб кийгизип койгон ыкмага окшош.
Украинадагы согуш менен байланыштуу, Европа мамлекеттеринде «Георгий тасмасына» тыюу салынды, бул согуш учурунда жөнөкөй эле «Z» жана «V» деген латин тамгалары дагы аскерий агрессия менен зомбулуктун белгисине айланып кеткен, ошондуктан аларга дагы тыюу салынган. «Георгий тасмасы» Улуу ата-мекендик согуштагы жеңиштин белгиси деп айтылууда, бирок чындыгында андай эмес.
Бул тасма Орусияда XVIII-кылымдагы орус-түрк согушу учурунда пайда болгон. Ошондой эле тасма менен – XIX-кылымда «Орто Азияны багындыруу үчүн» деген орусиялык медаль дагы коштолот, ошондуктан мындай тасманы Борбор Азияда тагынуу – багынуунун белгиси. Андан тышкары, Кыргызстанда Жеңиштин белгиси катары улуттук туунун түстөрүнө төп келген кызыл-сары тасма расми түрдө киргизилген.