www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү Бишкекте аялдардын эки жөө жүрүшү болуп өттү, анын бири үй-бүлөлүк зомбулукка каршы уюштурулган. Ар жыл сайын Кыргызстанда 10 миңден ашык үй-бүлөлүк зомбулук катталат, жапа чеккендин баары эле сотко кайрылбайт, бирок кайрылганда дагы, соттолгон зөөкүрлөрдүн 3 гана пайызы жазаланат.

Экинчи жүрүштү Эмгек министрлиги менен Пенсиячылар партиясы биргелешип уюштурган, ага баатыр энелер дагы катышты жана митингде министр өзү сөз сүйлөдү. Алар – улуттук салтты жана тарыхты коргоп, ар бир баланын атасы да, энеси да болуш керек деп билдирди.

Эки жөө жүрүш тең Революция үчүн курман болгондордун эстелиги алдында аяктады, аны эл Уркуя Салиеванын эстелиги деп атайт. Жүрүштөр эки башка мезгилде өткөндүктөн, эч кандай кагылышуу болгон жок, алардын эки башка идеясы дагы бир-бирине каршы келбейт. Бирок мындан 3 жыл мурда 8-мартта кыздар жөө жүрүшкө чыкканда, бийлик тарабынан уюштурулган жигиттер аларды сабап таратканын эстесек, коомдогу чыңалуу жумшарып бараткандай, бирок баары бир бар.

Последние новости