www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО – Бааларды көтөрүүнүн акылдуу жолу

Экономика министрлиги кечээ күнү тамеки баасын көтөрүү тууралуу токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Азыр 100 сом турган жана ичинде 20 сигарети бар бир кутунун баасы жаңы жылдан тартып жыл сайын 10 сомго көтөрүлүп отуруп, 2026-жылдын июлунда 140 сомго жетет.

Эң арзан электрондук сигарет азыр 300 сом турат, жыл сайын анын баасы жүздөн сомго көтөрүлүп, 2026-жылдын июлуна карата 700 сомго чейин жетет. Элди тамеки тартуу адатынан арылтуунун бул абдан туура жолу, анткени тамеки чегүү адамга эч кандай пайда алып келбейт, тамеки компаниялары болсо элди, өзгөчө жаштарды, тамекиге көндүрүүнүн улам жаңы ыкмаларын ойлоп чыгарууда.

Ушундай эле жол менен электр энергиясы үчүн тарифти дагы көтөрсө болмок. Эгер ар бир киловатт-сааттын баасын жыл сайын 5 эле тыйынга көтөрүп турганда, эгемендиктин 30 жылынан кийин бир киловат-саат азыр 2-3 сом турмак жана энергетика ишканалары дагы азыр ыйламак эмес, саясатчылар дагы бул маселени өз максатында колдонбойт болчу.

Последние новости