www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-июлда Чолпон-Атада өткөн саммиттин жыйынтыктарын дагы анализдөө керек, кээ бир факттар өтө кызык. Жыйынга борбор-азиялык баардык 5 жетекчи келди, бирок сунушталган келишимди 3 кана өлкө жактырды. Ага кол койбой койгон Тажикстан менен Түркмөнстанга – саммиттин алдында орусиялык президент Путин келип кеткен.

Бийик жолугушуу өзү – Украинадагы согуш менен байланыштуу Орусия менен Казакстан ортосунда чыңалуу пайда болгон учурда өттү. Путин туулган шаар – Санкт-Петербургда – президент Токаев Путиндин саясатын сынга алды, андан соң Москва казак мунайын эл аралык базарга чыгарбай коюуга аракеттенди, бирок андан жыйынтык чыккан жок.

Талдоочу Алымбек Биялинов Чолпон-Атадагы жолугушууну АСЕАН уюмунун пайда болушу менен салыштырат. Борбор-азиялык бирикменин орчундуу уюмга айланашына – регионго америкалык президенттин келип кетиши гана жетпей жаткандай. 1972-жылы Бээжинге Ричард Никсон келип, АКШ менен Кытай мамилесин оңдогондон кийин Кытай дүркүрөп өнүгө баштаган.

Последние новости