www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр Джали Соданбек: Жаңыл Мырзанын тарыхына мен студенттик кезимен бери кызыгып келем, ал тууралуу сценарий жазып, Туштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн эл аралык сынакта 2012-жылы Гран-при дагы утуп алгам, бирок алардын эрежесине көнүп, Жаңыл-мырзаны кореялык баатыр кыз кылууга макул болгон жокмун. Кыргызстанда болсо колунда бар бир топ адам менен жолугуп, сунуш кылгам – эч ким жардам берип, Жаңыл-мырза тууралуу тасма тартканга кызыкдар болбой жатат.

Баатыр кызыбыз тууралуу 8 чыгарма бар, алардын ичинен Тоголок Молдонун жазганы өтө олуттуу, кийин мен эки күчтүү санжырачы менен дагы жолугуп, алардын айткандарын жазып алгам. Санжырыда айтылган Түлкү-баатырдын чыныгы аты Бекназар экен, аны жандап жүргөн Үчүке болсо – Үчкабыл. Ошолордун айткандарын пайдаланып, китеп жазгам, өзүм болсо – эмне үчүн кыздын атын ата-энеси Жаңыл деп койгонун жана анын жаш чагы тууралуу окуяларды коштум...

Последние новости