www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек административдик соту бүгүн Маданият министрлигине каршы «Азаттык» радиосу тарабынан берилген доо арызды четке какты. Министрлик «Азаттыктын» сайтын Жалган маалымат таратуу боюнча мыйзамдын негизинде октябрда бөгөттөп койгон, бирок андай чечим кабыл алыш үчүн, жабырланган тарап арыз жазыш керек болчу, андай арыз жок.

Мындай соттор мурда да болгон, мисалга, 2017-жылы Атамбаев журналисттерге каршы 5 сот ишин баштаганда дагы ал өзү арыз жазган эмес, бирок маалымат каражаттары менен журналисттер соттолгон. Башында алардын арасында «Азаттык» да болгон, бирок сот бүтө электе бийлик менен сүйлөшүп, четке чыга берген. Бул жолу «Азаттык» андай сүйлөшүүгө барган жок.

Бирок маселе анда деле эмес – эгер Тажикстандын аскерий кол салуусу боюнча 16-сентябрдагы «Накстоящее время» телеканалынын түз эфири болбогондо, бийлик баары бир «Азаттыкка» каршы башка шылтоо тапмак. Экинчиден, кыргыз соттору чечимдерин мындай учурларда мыйзамдын негизинде эмес, саясий себептерден чыгарат. Бийлик тарабынан түз көрсөтмө болбосо дагы, кимди актап, кимди соттош керектигин биздин соттор жакшы билет.

Последние новости