www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку сотто атайын жыйын болуп, эки сот – Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Урмат Калыбеков жана Ысык-Көл облусунун административдик сотунун судьясы Женишбек Барынбаев кызматтарынан кетүү жөнүндө арыз жазды. Марттын башында Барынбаев Каракол шаарында мас абалында машине айдап баратканда кармалган.

Караколдук сот Азамат Абдираевдин ишин кароо боюнча кагаз Соттор кеңешине жөнөтүлдү, анткени ал Барынбаевди коргоп, аны кармоо боюнча ГАИ протоколун кайрадан ГАИге жөнөтүп салган. Бишкектик сот Калыбеков болсо, сот чечимин соттошкон бир тарапка бербей койгон. Баары туура, ката кетирген соттор жазаланыш керек, бирок андан жаман иш жасагандар эмне үчүн жазаланбайт?

Мисалга, 5 айдан бери 25ке жакын жарандык активист камакта, аларга каршы расми күнөө коюла элек жана тергөө да жүрбөйт, бирок соттор улам кайра алардын камакта кармоо мөөнөтүн узартат. Же, мисал үчүн, кечээ күнү Бишкектин Биринчи май сотунун судьясы Марат Сыдыков баңги зат менен кармалган УКМК кызматкерин биринчи эле жыйында бошотуп жиберди

Последние новости