www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан менен чек араны делимитациялоо боюнча келишим кечээ күнү парламенттик комитетте жактырылды. Ал үчүн комитеттин төрагасын алмаштырып, маселени кайра кароого туура келди. Президенттик башкаруу учурунда бул багытта бийликтин мүмкүнчүлүктөрү зор.

Чындап келгенде, Кемпир-Абад маселеси – пайдасын кошуна республика көрө турган суу сактагычты өз аймагында курууга Кыргызстан мындан 60 жыл мурда макул болгондо эле чечилген. Жана кийин дагы, ал үчүн толук кенемте ала албаганына карабай, Кыргызстанда канча бийлик алмашса дагы, бул маселе көтөрүлбөгөндө, жыл сайын чечилип келген. Эч кандай азыркы каршылык бул жерде жардам бере албайт ко.

Кытай жана Казакстан менен чек ара маселелери дагы ушундай эле ыкма менен чечилген. Эки келишим боюнча тең бир топ кыргыз жерлери кошуналарга өтүп кеткен, бирок алардын карталарында андан да көп жерлер ошолордуку болуп белгиленип келген. Эми Тажикстан менен чек ара маселеси дагы ушинтип чечилет болуш керек.

Последние новости