www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалымат каражаттары менен бейөкмөт уюмдар ортосундагы кызматташууга арналып, кечээ күнү Бишкекте өткөн тегерек столдо пропаганда тууралуу кызуу талкуу чыкты. Өлкөдөгү дээрлик бардык журналисттер шайлоо учурунда тиги же бул партия же саясатчыга жардам берип, аларды пиар кылат.

Мындай жумуш – таптаза пропаганда жана шайлоо аяктагандан кийин айрымдар ошол уюмдардын басма сөз кызматында иштеп калат, кээ бирлери кайрадан журналистикага кайтат, бирок пропагандага кызуу кирип алгандан кийин, анын ыкмаларынан баш тартуу өтө кыйын.

Айрым ошондой пропагандисттер кээде партиялардын саясий кеңештерине да мүчө болуп шайланат, бирок түшүнбөгөндөр жана алар өздөрү дагы өзүн журналистмин деп эсептей берет. Айрым бейөкмөт уюмдар болсо, аларды мактап, сыйлык да берет. Ошондуктан, журналистикада гана эмес, бейөкмөт чөйрөдө дагы чалмакей. Бир дагы НПО – илимге кийлигишип, адам кандай физик болуш керек экенин үйрөтпөйт, бирок кандай журналист болуш керектигин баары үйрөтөт.

Последние новости