ВИДЕО - Атамбаевдин сот отурумуна келгендер залга батпай калды
Коом  |   |  1988

Биринчи май райондук сотунда бүгүн, 20-сентябрда мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ишине байланышкан отурум белгиленген. Төрагалык кылган сот — Азирет Медеров.

Сот залына 100 чакты адам келди. Бирок баары залга батпагандыктан кире бериште тыгын жаралды.

Отурумга Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Равшан Жеенбеков дагы жеткирилди.

Буга чейин 3 кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилген. А.Атамбаев Кой-Таш айылынан жер тилкесин мыйзамсыз алуу, мыйзамсыз баюу жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Ташта болгон баш аламандыкты уюштурууга айыпталып жатат.

Бардык эпизоддор боюнча бир катар айыпталуучулар бар. Алардын катарында: Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Президенттик аппараттын мурунку жетекчиси Фарид Ниязов, экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев жана Аскар Шаадиев, борбордун мурунку мэри Албек Ибраимов, ИИМдин мурунку жетекчиси Абдылда Суранчиев жана башкалар.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями