www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“30 жылдан бери биз импорт менен алек болуп, ага көз каранды болуп калганбыз” - деди NazarNews маалымат агенттигине Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

--“Экономиканын структурасы аябай катуу соккуга дуушар болду. 30 жылдан бери биз импорт менен алек болуп, импортко көз каранды болуп калганбыз. Мындан ары биринчиден, структурасын өзгөртүү керек, экинчиден, жумушчу орундарды түзүп, кошумча наркты Кыргызстандан чыгарып башташыбыз керек. Бул деген - диагноз. Элдин сатып алуу мүмкүнчүлүктөрү азая түшкөндөн кийин, экономиканын өсүү темпи да кескин түрдө азаят. Эми элдин колундагы мүмкүнчүлүк чектелгенден кийин, экономиканы кайра жандандыруу, антикризистик иш-аракеттер жүрүшү керек эле, тилекке каршы, болбой жатат. Ар бир үй-бүлөнүн кирешеси азая түштү, доллар көтөрүлүп, сомдун куну түшкөндөн кийин сатып ала турган мүмкүнчүлүктөр да кыскарды”, - дейт профессор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости