www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Биз өзүбүз товарды сыртка сата албай жатабыз”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

--“Өзбекстанда тамак-аштын баасы арзан, ошондуктан атаандаштык пайда болот. Биздин дыйкандар, ишкерлер товарын сата албай калуу коркунучу бар. Анан түштүк региндорго көбүрөөк таасири тиет. Баары мыйзам чегинде болсо, биз эч нерсе дей албайбыз. Өзгөчө айыл чарба тармагына өтө чоң таасирин тийгизээрин айтып, ал  ЕАЭБге мүчө болгон менен өндүрүш жок, техникалык каражат жетишсиз болгону өкүндүрөт. ЕАЭБ шарт түзүп жатат, бирок биз мүмкүнчүлүктү пайдалана албай жатабыз. Ал эми Өзбекстан өлкөсү соода тармагы боюнча бир топ алдыда, ошондуктан алар ЕАЭБди жакшы түшүнүп жатат. Биз өзүбүз товарды сыртка сата албай жатабыз. Ошол биздин эң чоң көйгөйүбүз. Техникалык каражатыбыз жок болсо, өндүрүш жок болсо кайдагы экономика", - деди Сарыбаев. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости