www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Айылчы Сарыбаев: “Кумтөр меселеси чечилиши керек”

“Кумтөр меселеси чечилиши керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

--“Кумтөр алтын кени мамлекеттин күчтүү көзөмөлү астында чечилиши керек. Анын мамлекетке эч пайдасы жок иштеп жатышына буга чейинки өкмөт күнөөлүү. Түзүлгөн келишимди кайра карап чыкса, же аны такыр токтотуп койсо эле Кумтөр боюнча эч кандай маселе жаралбас эле. Азыр депуттар текшерип жатыптыр. Бул биздин ички дүң продукциянын бир канча пайызын түзөт. Кумтөрсүз экономика чөгүп кетет. Ошондуктан өзүбүз иштетсек аябай жакшы болмок. Кыргызстанда кен байлыктар абдан көп, биз ошону туура иштетип кете албай эле убарабыз. Келген жетекчи ошолорду чоң маселе кылат же жыйынтык жок. Андыктан азыркы бийлик жакшылап чечсе деген оюм бар. Биздин баардык тармак экономика менен байланышы бар. Тактап айтканда баардык тармакты өнүктүрсөк болот”, - дейт Сарыбаев.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости