www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мыкты кадрларды чет өлкөгө кетирбей кармап калышыбыз керек”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

--“Азыр мыкты кадрларды даярдап жумушка тартышыбыз керек. Жөндөмү бар билимдүү балдар-кыздарды чет өлкөгө жиберип, колдоп кайра Кыргызстанга иштегенге тартышыбыз керек. Бизде тескерисинче бул жактан окуп, билим алып чет мамлекеттерге кетип калып жатышат. Бул абдан трагедия. Кыйын билимдүү, тажрыйбалуу балдарыбыз сыртка кетип калды. Алардын кетүүсүнө айрым саясатчылар колдоо көрсөтүшөт. Буларда кичине ой барбы? Мыктыларды жумушка алып келүүнүн ордуна тышка кетиришет. Бул Кыргызстан үчүн чоң жоготуу. Кыргызстанда жумушка кирүү дагы абдан кыйын. Себеби, айрымдар акча талап кылат. Менин өзүмдүн башыман өттү. Финпол кайрадан түзүлүп жатканда баламды жумушка алабыз дешти, бирок көп суммадагы каражат сурашкан. Мына ушул сыяктуу көрүнүштөр жанды кейитет”, - дейт профессор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости