www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировго жаңы иш бөлмө бериле элек. Бул тууралуу эл өкүлү өзү журналисттерге билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, ал буюмдарын кесиптешинин иш бөлмөсүнө таштоого мажбур.

Ошондой эле, Бакиров болгон окуяны улам трагедия кылбай турганын кошумчалады.

«Жума күнү президенттин иш башкармалыгынан мага саат 13:00гө чейин иш бөлмөмдү бошотууну суранган кат келди. Мен ал убакта жумушта эмес элем, жардамчыларым түшкү тамакка кетишкен. Офиске менеджер келип, менин буюмдарымды кабылдамага алып чыгып коюптур. Азыр мага жаңы кеңсе бериле элек. Мен эски кеңсемде үч жыл иштедим. Негизи мага баары бир. Чоң кабинетте отуруп алып элдин талабын аткарбай койсоң деле болот. Мен мындан трагедия кылбайм», - деди Өмүрбек Бакиров.

Эске салсак, 18-ноябрда президенттин иш башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдон иш бөлмөсүн тартып алган. Бир күн мурун парламенттин жыйынында депутат менен УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев менен айтышып кеткен. Аягында ташиев Өмүрбек Бакировго карата уят сөздөрдү айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости