www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон шаарынын борборундагы Ак үйдүн алдында бир күн мурда болгон чагылгандан каза болгондордун саны үчкө жетти, дагы бир адам ооруканада. Бул тууралуу РИА Новости NBC4 каналына таянуу менен билдирди.

Маалыматка ылайык, 29 жаштагы жаран алган жаракатынан улам каза болгон.

Бир күн мурун улгайган жубайлар ооруканада каза болгон. 76 жаштагы Жеймс Мюллер жана анын 75 жаштагы жубайы Донна Мюллер баш кошуу мааракесин белгилөө үчүн Висконсин штатынан Вашингтонго келишкен.

Белгилей кетсек, кечээ , 5-августта Ак үйдүн маңдайындагы Лафайетт паркында төрт адамды - эки эркек жана эки аялды чагылган уруп кеткен.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости