www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америка Кошмо Штаттарында торнадодон 24 адам каза болуп, жүздөгөн адамдар жарадар болгон. Миссисипи штатында бороон-чапкын, катуу жамгыр жана мөндүр жааганын MIR 24 телеканалы билдирди. Дээрлик 17 миң адам электр жарыгысыз калды.
Эң күчтүү торнадо Миссисипи штатында кечке жуук болду. Силвер-Сити шаарына биринчилерден болуп сокку урулду. Андан кийин бороон түндүк-батыш багытында жылган. Диаметри бир километр болгон торнадо болжол менен 80 км/саат ылдамдыкта учуп, жолундагы бардык нерсени шыпырып кеткен.
Роллинг Форк шаары толугу менен талкаланган.
Жабыркагандар дарыгерлерге кайрылууну улантууда. Азыр торнадо аяктагандан кийин анын кесепеттерин жоюу менен жергиликтүү бийлик алектенүүдө. Дээрлик 17 миң адам электр жарыгысыз калды.
Булак: NazarNews.kg