www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн Бишкекте «Евробиримдик – Борбор Азия» форуму болуп өттү, ага Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти, соода боюнча комиссар Валдис Домбровскис, Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча башкаруучусу Жужанна Харигтай катышты.
Андан тышкары, Бишкекке казак премьер-министри Аскар Мамин, Мажарстан менен Австриянын тышкы иштер министрлери Петер Сийярто менен Михаэль Линхарт, Франциянын тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия боюнча өкүлү Паскаль Лоро, элчиликтер менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү келди.
Кошуна мамлекеттердин бардык эле премьери келген жок жана жалгыз ушул эле факт – Борбор Азиядагы кызматташуу канчалык оңой эмес экенин көрсөтөт жана Европа менен биргелешип кызматташуу жөнүндө сөз да жок. Анткен менен, Домбровскис санариптештирүү боюнча 2 млн евролук жана мыйзам үстөмдүгү боюнча 8 млн 800 миң евролук эки долбоорду ачып берди. Кошуналар кандай мамиле кылса дагы, мындай демилгелерди Кыргызстан уланта бериш керек.