www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Magnum компаниясынын өкүлү Дмитрий Шишкин Алматыдагы январь окуяларында тармактык дүкөндөр тарткан чыгым боюнча айтып берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

"Кээ бир шектүүлөр чыгымдын ордун толтурууда. Бул нерсе сотто эске алынарын ойлоп жатышат", — деди Шишкин.

Шишкин уурулар тармактык 15 дүкөндү толугу менен (текчелерде эч нерсе калган эмес) дагы 11ин жарым-жартылай тоноп кетишкенин билдирди. Анын айтымында, үч дүкөндү тоногондон тышкары талкалап дагы салышкан. Чыгымдын суммасы 11 миллиард теңгени түздү (25,3 миллион доллар). Тармактык дүкөндүн күзөт кызматы бардык камераларга тартылган видеону укук коргоочуларга өткөрүп берген.

Уурулардын көбү мас болгондуктан азык-түлүктү алып кетпестен, ошол эле жерден ичип-жешкени айтылды. Алматынын Полиция департаменти манжа издери менен кошо башка дагы далилдерди топтошкон.

Талап-тоногондордун көпчүлүгү кармалганы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости