www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун баш катчылыгына каралып жаткан талапкерлердин аты-жөнү аталды. Бул туурасында РИА Новости dpa агенттигине шилтеме кылып жазды.

Учурда альянстын баш катчылык милдети Норвегиянын мурдагы премьери Йенс Столтенбергге жүктөлгөн. Мурдараак Норвегия өкмөтү ал учурдагы ишинен кетээри менен, аны Борбордук банктын жетекчилигине дайындоо тууралуу чечим кабыл алган.

"Улуу Британиянын экс-премьер-министри Тереза Мэйдин, Нидерланддын өкмөт башчысы Марк Рюттенин, Румыния президенти Клаус Йоханнестин, Эстония премьери Кая Калластын, Европа биримдигинин чет элдик иштер, коопсуздук саясаты боюнча мурдагы жогорку өкүлү Федерика Могерининин ысымы мүмкүн болгон талапкерлердин арасынан аталды", — деп билдирди немис агенттиги.

Эске салсак, Йенс Столтенберг бул кызматка 2014-жылы октябрда келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости