www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмгекти сыйлаганды, мээнетти урматтаганды билбесек, анда жакынкы жылдары эч кандай өнүгүү деген болбойт, улам мурункулардын жасап кеткенин кийинкилер талкалап кете берүү өсө турган эмес, өлө турган элдин иши. Бул тууралуу саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасына билдирди.
"Ар бир окумуштуунун илимий салмагы, биринчиден, анын илимий иштеринин мааниси менен, экинчиден, ал түзгөн илимий мектептин кубаты менен аныкталат. Чоң окумуштуулар өздөрүнүн көзү өтүп кеткенден кийин дагы муундан-муунга өтүп, тармактап кеткен илимий мектептерди түптөшкөн.
Илимий мектеп түптөө оңой иш эмес, ал үчүн инсан бүт өмүрүн арнайт, мындай иштин өтөөсүнө чыгуу ар бир эле окумуштуумун дегендин колунан келе бербейт. Окумуштуумун, илимдин докторумун деп, а түгүл академик же член-корр деген наамдарга жетип, бирок өз мектебин түзмөк түгүл өзүнүн жеке илимий темасын дагы деңгээлине жете иликтей албай, ар кайсы жерин чолуп жазып санын чыгарган эмгектери менен эле мактанып жүргөндөрү канча, же ал жазгандарын өзүнөн башка бир киши окуп же пайдалансачы.
Эми бул башка кеп. Бул ойлор академик, медицина илимдеринин доктору Сабырбек Жумабековдун тегерегиндеги ызы-чуудан улам келип жатат. Кандай болгон күндө дагы Илимий борбор түптөө, ошол жерде бүтүндөй дүйнө болбосо дагы, анын бир чөлкөмүнө таанымал болуп калган илимий иштерди аткаруу, ондогон илимдин докторлору, кандидаттарын тарбиялоо оңой-олтоң иш эмес.
Көп нерсе күнү тынымы жок, түнү уйку жок түйшүк менен жаралат, асмандан түшпөйт. Мына ошол Илимий борборду ортопедия жана травматология боюнча Кыргызстандын бренди кылууга, эл аралык маанидеги дарылоо жайына айлантууга аракет кылуунун, академик Жумабековду мына ушул багытта колдоонун ордуна ал Илимий борборду эле эмес, анын өзүн инсан катары, окумуштуу катары, дарыгер катары ылайга оонатып, жок кылуу аракети адамгерчиликке дагы, акыл-эске дагы сыйбай турган иш.
Элибиз эзелтеден айткан "мал боор эт менен тең" деп, бул жерде сөз мал жөнүндө эмес, өмүрлүк мээнетиңдин үзүрү жөнүндө болуп жатат. Өзүң өмүрүңдү арнаган, жаштык жигериңди, күч кубатыңды жумшаган иштин таш-талканы чыгып жатканын көргөн киши ыйламак турсун, ошол жерде өлүп берүүгө деле даяр болот.
Эмгекти сыйлаганды, мээнетти урматтаганды билбесек, анда жакынкы жылдары эч кандай өнүгүү деген болбойт, улам мурункулардын жасап кеткенин кийинкилер талкалап кете берүү өсө турган эмес, өлө турган элдин иши.
Бул Борборду бырын-чырын кылып талкалап, анын статусун түшүрүп, ордуна шаардык деңгээлдеги эле оорукана жасоого аракет кылуунун ордуна, ал Борборду Ортопедия жана травматология боюнча эл аралык деңгээлдеги Борборго айлантып, тетирисинче анын статусун жогору көтөрүп, Президенттин жарлыгы менен кайра түзүп чыгып, ошол эле академик Жумабековду жетекчи кылып дайындап, ал эми кемчиликтер болсо кайра кайталанбагандай кылып тазалап коюуга деле болот эле.
Эгерде өз амбициясын эле эмес, мамлекеттин келечегин ойлогон жетекчи болсо. Бүтүндү бүлдүрүүдөн оңой эч нерсе жок, мындай ишке мактаныч дагы жок. Менин оюмча бул иште министирдин жоругу жосунсуз эле болуп калды", - деп жазган ал.
Булак: NazarNews.kg