www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатсыз, мыйзамсыз эркиндигиңерден ажырап, абакта жатканыңарда Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге кол сунган жетекчи Жумабеков болгон. Бул тууралуу саясатчы Жылдызкан Жолдошова билдирди.

«Чындык өз убагында айтылышы керек.

КР президенти С.Н.Жапаровго

Кайрылуу:

Урматтуу Садыр Нургожоевич, тилекке каршы биздин өлкөдө жол-транспорт кырсыгынан, (ДТП) жылына 2000 миңден ашуун жарандарыбыз каза болсо, миңдеген атуулдарыбыз жапа чегип, ортопедия маселеси жаралып, сөөктөн операция жасоого туура келет.

Ал эми, кышкы мезгилде жылгаяктан канча адам жапа чексе, лыжа тебүүдөн 100 дөгөн мекендештер да операция жасоого мажбур болушат.

2013 жылы, мен да аварияга кабылып, оң колумдун сөөгү экиге бөлүнүп калды. Эгерде Сабырбек Жумабековтой күчтүү ортопед болбосо, мен балким инвалид болуп калбакмын...

Ортопедия ооруканасында, бир да бош орун жок. Бир эле авария, же лыжадан эмес грыжа, тизе оорусу ж.б. көптөгөн оору менен жабыркагандар өтө арбын.

Күнүнө бир эле С. Жумабеков эмес, бүтүндөй коллективи (өтө ынтымактуу) ортопедия институтунун операция жасашып, ар бир оорулууга өзгөчө көңүл бурушат.

Айтайын дегеним, Саламаттыкты сактоо тармагында мындай реформа жүрбөш керек. Министр реформа жүргүзөм десе, алгач коллектив менен кеңешип, эсептешип, макулдашып иш алып баруусу зарыл. Анткени, иштеп жаткан врачтар, медперсонал ошол институтка ондогон жылдарын арнашкан, б.а. адистер иштеп жатышат.

Өкүнүчтүүсү, Сиз алыскы сапарда жүргөнүңүздө, республикабыздын ичине ызычуу салуу менен чектелбестен, регионализмге жол берген министр А. Бейшеналиевтин «кылыгы», бир да рамкага батпайт.

Кардиология, онкология, психо-неврология ж.б. тармактарды реформа кылам деп, министр Саламаттык сактоо тармагын талкалады.

Миңдеген ак халатчандардын жан дүйнөсүнө бүлүк салды...

Министрдин «тизгинин» тез арада тартпасаңыз...саясий абал курчуп кетиши мүмкүн.

Ошону менен бирге, бир «чындыкты» эске сала кетсем, Садыр иним.

Акыйкатсыз, мыйзамсыз эркиндигиңерден ажырап, абакта жатканыңарда, ооруп калганыңарда, жалгыз С. Жумабеков Сиздерге, С. Жапаровго, Камчыбек Ташиевге, Талант Мамытовко, Ахматбек Келдибековго кол сунган жетекчи болгон, ошону дайыма эстей жүрсөңөр.

Жакшылык адам баласынан кайтпай турганына мен ишендим, ынандым… Бирок, адам баласы, айрыкча бийликке жеткенде, оор мезгилде эч нерседен коркпостон, куугунтукка кабылса да, чын дилинен колдогон инсандардын эмгегин баалап коюшу, туура болот деп эсептейм.

Мен ишенем, Садыр иним акыйкатсыздыкка жол бербейсиз деп. Ал эми, өлкөбүздүн негизги тармагы болгон Саламаттыкты сактоо тармагын талкалаган министрдин А. Бейшеналиевтин ээлеген кызматы боюнча маселени карап чыгаарыңызга.

Мамлекеттибизде тынчтык болсун, эл арасында ынтымак жылоолосун.

Урматым менен, эжеңер Жылдызкан Джолдошова», - деп жыйынтыктаган саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости