www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талибан согушкерлерине Ооганстандагы оюн-зоок аянтчаларына курал-жарак менен кирүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу аталган кыймылдын басма сөз катчысы Забиулла Мужахид Twitter баракчасына жазды.
"Аскерлерге оюн-зоок аймактарга курал-жарак менен, аскердик кийимчен, ошондой эле транспорт каражаттары менен кирүүгө тыюу салынат. Можахеддер (Талибандын саясий системасынын өз аты) оюн-зоок парктарынын бардык эрежелерин сактоого милдеттүү!", - деп жазган Мужахид министрлер кабинетинин чечимине шилтеме жасап.
Эске салсак, 2021-жылдын август айынын башында талиптер ооган өкмөттүк күчтөрүнө каршы чабуулун күчөтүп, 15-августта Кабулга кирип, эртеси согуш бүттү деп жарыялашкан. Августтун акыркы эки жумасында америкалык аскерлердин коргоосунда турган Кабул аэропортунан батыш жарандары жана алар менен кызматташкан оогандыктар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү америкалык аскерлер Кабулдун аэропортунан чыгып, америкалык аскерлердин Ооганстандагы дээрлик 20 жылдык аскердик операциясына токтотушкан. Сентябрдын башында Ооганстандын Убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланып, аны Мохаммад Хасан Ахунд жетектеген. Ал Талибандын биринчи бийлиги тушунда тышкы саясатты башкарган.
Талибан террордук аракеттери үчүн 2001-жылдан бери БУУнун санкцияларында.
Булак: NazarNews.kg