www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликке каршы күчтөр өз ара акылдашып, таң ашып, жазга карай биригүүнү пландашып, жоон топ оппозициялык күч катары түзүлүүнүн камында. Баштарын кошууга көп себептерди келтирип атышыптыр.

Чачкын болушса, ынтымыктары ыркырап турушса – алсыз катары бааланышары, улам чекесинен камалышары ажеп эмес. Андыктан биригүүгө мезгил келдиби? Үлкөн кыймыл катары уюшуп кетишсе, аягы кандай жолго барышат?

Азырынча сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп, бир чечимге келе албай жатышканы жашыруун эмес. Натыйжада, амбициялар, көз караштар кагылышы менен ара жолдо калышпайбы? Көрө жаталы. Бул боюнча жакынкы убакта маалымат калчап, анализдеп, кайсы саясатчылар көч баштай турганынан кабарлайбыз.

Булак: Азия News гезити

Последние новости