www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министри Улан Ниязбеков “Койдон жоош, коендон жапыз” болуп жүрөт. Жүрө берсин кимдер гана министр болбоду Атамбаев бети кызарбай туруп “телохранители” дагы бир Уланды министр кылган. Олигарх министрлерден тажашты окшойт, азыр жансакчы, мал сакчы полковник Уландарды генералдардын үстүнөн каратып койчу болду. Полковниктер көз ачып жумгуча генералды алышат.  «Телохранитель» Улан Исраилов, президент муштагыласа үн каткыс Кашкар, эми дагы Улан Ниязбеков. Азыркы министр тууралуу жазардан мурда элдин пикирлерин жарыялап койолу:

 

                                                                       Кыргыз Республикасынын Президенти

                                                                       Садыр Нургожоевич Жапаровго,

Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министри милициянын генерал-майору

Ниязбеков Улан Омокановичке

Бишкек шаарынын Арча- Бешик

конушунун жашоочуларынан

                                                     

                                                        КАЙРЫЛУУ

     Урматтуу Садыр  Нургожоевич,  акыркы айларда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунун тургундары уурулук күч алгандыгына байланыштуу сиздерге түз кайрылууну туура көрдүк. Себеби, биздин жергиликтүү укук коргоо мекемелерине  жазган арыздарыбыздан майнап чыкпагандан улам ушундай кадамга барууга аргасыз болуудабыз.

   Акыркы айларда уурулар жанкечтиге айланып, үйдө киши бар же жогуна карабастан, күн-түндү  көзгө илбей калышты. Уктоочу бөлмөгө чейин кирип келишип, каалаганын жасап, адамга  кол салууга чейин барышууда.  Өз үйүбүздө жаткандан да чочулап, түнү менен уктабай чыгууга аргасыз болуудабыз. Кийинки убактарда  уурулардын жанкечтиге айланып калганы  бүтүндөй бир үй бүлөнүн өмүрү үчүн  коркунуч келтирүүдө.

     Чөнтөк телефондор үйлөрдөн уурдалганы аз келгенсип, транспорттордон уурдалып , бир үй бүлөдөн 4-5 тен телефондор уурдалууда. Эптеп жашап жаткан карапайым калкка  бул абдан эле оор тийүүдө. Маселен, бир эле Арча Бешик конушунун Баба-Ата көчөсүндө жайгашкан  бир эле короодон (9 үй бүлө) беш, алты жашоочулардын  үйлөрү тонолду. 

    Бир нече жолу жашоочулар тарабынан кайрылуулар болгондугуна карабастан, мындай  опурталдуу көрүнүшкө жергиликтүү тийешелүү укук  коргоо органдарынын кызматкерлери кайдыгер мамиле кылууда. Буга чейин жасалган  уурулуктардын жүзү али күнчө ачылбай келет. Видео камераларда далилдүү фактылар турса да көңүл бурулбай жаткандыгы бизди түйшөлтүүдө. Биз мындай мамилени өз көзүбүз менен көрүп, өз башыбыздан кечирип жаткандан улам айтып жатабыз.

     Ошондой эле Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун коомдук транспортторунда, соода мекемелеринде, базарларында уурулук, тоноо болуп көрбөгөндөй өстү. Уюлдук телефондордон баштап, ири суммадагы акча каражаттары уурдалууда.  Бул көрүнүштү бир эле биз эмес бүтүндөй  Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары баштан кечиришүүдө.

    Урматтуу Президент,  ушул көйгөйлүү маселени тез арада чечүүдө  укук коргоо органдарынын иш-аракеттерин көзөмөлгө алып, жыйынтык чыгарып берүүңүздү суранабыз-дешет.

Мына азыркы учурда абал ушундай. Уурулар ээн-эркин уурулук кылышып чалчактап жүрүшкөнүнүн себеби барбы? 1953-жылы Сталиндин көзү өткөн соң, ал кездеги НКВД жетекчиси Лаврентий Берия түрмөдө жаткан көп кылмышкерлерге мунапыс берип, СССРге бандиттер толуп кеткен дешет. 2020-жылодын октябрында бийлик алмашкан соң да бир топ түрмөдө жаткан адамдарга мунапыс берилген. Балким уурулардын солкулдабай күчөп турганына мунапыс себепкер болуп жүрбөсүн? Эмнеси болсо да тынч мамлекетте тынч уктаганыбыз жакшы эмеспи. “Менин милициям мени коргойт” –деген Владимир Маяковскийдин сөзү азыр да күчүндө. Укиап жатсаң, терезеңден түшүп уурулар өз каалаганын кылып жүрүшсө ушул жакшылыкка алып келеби? Эгер сиз уурулардын колунан жабыр тарткан болсоңуз же кылмышка күбө болуп калсаңыз, анда дароо 102 кыска номуруна чалыңыз –деп жатышат. Уурулар жылдын кайсы мезгили болбосун үйлөрдө, коомдук транспортто, соода түйүндөрүндө, базарларда жана эл көп чогулган жерлерде уурулук жасашат. Төмөнкү жөнөкөй эрежелерди кармануу менен уурулардан сактанууга болот:

1.Эл көп топтолгон транспортто, дүкөндөрдө же башка коомдук жайларда буюмдарга өзгөчө көңүл бөлүп, сак болуӊуздар;

2.Капчыгыңыз чөнтөгүңүздөн көрүнүп калбасын, бул жагдай уурулардын көңүлүн өзүнө бурарын эсиӊиздерден чыгарбаӊыз;

3.Уюлдук телефонду бейтааныш же болбосо чоочун адамдарга бербеңиз;

4.Коомдук транспорттордо же эл көп топтолгон жайларда уюлдук телефонуңузду курга илүүнүн, же аны атайын жип менен мойнуңузга байлап коюнун кажети жок. Дайыма ички чөнтөккө салып коюӊуз;

5.Көңүл ачуучу жайларда уюлдук телефонду столдун үстүндө, отургучта жана кийим чечинген бөлмөгө калтырбаңыз;

6.Төш чөнтөк капчыктарды колдонуңуз — бул сактануунун эң ишенимдүү ыкмасы;

7.Сумкаңыздын сыдырмасы бекитилгендигин текшерип, эл көп жайда бекем алып жүрүӊүз;

8.Эч качан акча каражаты салынган капчыкты соода арабасына салбаңыз;

9.Сизге жакын турууга аракет кылган адамдарга дайыма көңүл буруңуз;

10.Үйдөн чыгып жатканда капчыгыңызда канча акча каражаты бар экенин эсептеп чыгыңыз. Максаты жок, ашыкча акча каражатын алып жүрбөӊүз;

11.Капчыктын ичиндеги акча каражатын элдин көзүнчө эсептебеңиз.

Бул чөнтөккө кол салган уурулардан сактануу жолу. Ал эми үйдү карактаган уурулардан кантип коргонууга болот. Имиш-имиштерден улам кээ бир милиция кызматкерлери мындай каракчы ууруларга «крыша» болуп жатат деген сөз да тарап жатат. Булардын тамырын кыркуу керек:

Абды Суталинов –Мурат Суталиновдун атасы катары тарыхта калды.

Темирбек Акматалиев - Акаевдин кеминдик иниси экономист «бухарик» тоюз «Бухарин» Темикең «ИИМди экономисттин көз карашы менен кароо үчүн» баргандай.

Бакирдин Субанбеков ( 2002-2005) – Кара-Балта шаарынын пивзаводун министрлигине таянып «приватташтырып» Кытайдын «Джунда» мунайзат кайра иштеттүү заводуна 3 миллион долларга сатып алууну сунуш кылган. Кытайлыктар муну угуп шок болушканы менен Субанбеков өз сөзүнө бекем турган.

Мурат Суталинов (2005 -2006); Акаевдин бир күндүк Башкы прокурору, Бакиевдин ИИМ министри 2006-жылы ноябрда билегинин «уятсыздыгын» салмактап КГБга кеткен.

Көтани- 2016-жылы ноябрда жанында кошо жүргөндөрдү сатып, министр болгон. Ошол жылы эле декабрдын аягында кызматынан кетип, Кулов менен биригип «Бириккен, фронтту» түзгөн.

Болотбек Ногойбаев (2007 -2008); 2007-жылы апрелде элдин демин басып, той берген өкмөт башчысынын министри. Оппозициянын ойронун чыгарып, өзү да жок болгон.

Молдомуса Конгантиев (2008-январь -2010-апрель); Таласка оппозициянын митингин басуу үчүн барып, талас элинин «кол эмгекчилигин» ааламга тааныткан.

Болот Шерниязов (2010-жылы); Таласта элдик көтөрүлүштүн башында турган. Бийлик анын башына кап кийгизип келип, УКМК СИЗОсуна камаган. Учурунда генералдык чоң наамдан баш тарткан биринчи кыргыз!!

Кубат Байболов (2010-жылы) Эң оор кырдаалдарда ИИМди жетектеген. Ал Ош коогалаңы башталып калган 12-июнь күнү УКМКга «зам» болуп, Жалал-Абадга комендант катары жөнөтүлгөн. Андан соң ИИМ толугу менен ага жүктөлгөн.

Зарылбек Рысалиев (2010 -2012) Атамбаевдин «любимчик» министри, ал оңду сүйлөсө, оңду карап сүйлөп, солду караса, солду карап сүйлөп жүрүп «борттон» ары ыргытылган.

Шамиль Атаханов (2012- жылы) Аны мазактап ары-бери калчап жүрүп, көрүнгөн кызматты берип жүрүп, Азиз Батукаев менен кошо жоготкон.

Абдылда Суранчиев (2012 – 2014) Бул министрди «дудукка» айлантып, үстүнөн «тон бычып» калган.

Мелис Турганбаев (2014-2016) Акмат Бакиевди колго түшүрүп, бошотуу үчүн миллиондогон доллардан баш тартканы үчүн, андан өч алгысы келгендер «каралап» жатыр. Бирок оңой менен моюн бербейт. Анткени, бышкан.

Кашкар Жунушалиев -2016-жылы бир аз турду.Атамбаев муштагыласа да генералдардын алдында туруп бергени бар.Ага караганда Атаханов айтыша кеткен.

Улан Исраилов – 2016-2018-жыл, Атамбаевдин «телохранители»;

Кашкар Жунушалиев -2018-жылдан баштап -2020-жылга чейин.

Улан Ниязбеков-2020-жылдан баштап министр.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg



 

Последние новости