www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Алмазбек Атамбаев прокурорду

Бүгүн, 2-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурунку президент Алмазбек Атамбаев фигурант болгон иш боюнча отурум уланды. Төрагалык кылган сот — Азирет Медеров.

Сот залына А.Атамбаев жеткирилди. Андан кийин прокурор Эрнест Асакеев айыпталуучуну күч менен сот залына алып келүү тууралуу сунуш келтирди.

Муну уккан А.Атамбаев прокурор тарапка: «Заткнись, урод!», - деп кыйкырды.

Мурунку президент ден соолугуна байланыштуу отурумга катыша албай турганын, бирок күч менен жеткирилип жатканын айтты. Бул жолу да отурумга катышуудан баш тартуу менен камеранын айнегин ургулап баштады. Андан кийин сот залынан чыгарылды.

Буга чейин 3 иш бир өндүрүшкө бириктирилген. Атамбаевге балйаныштуу иштер 2019-жылдын 7-8-августундагы Кой-Таш окуясы, мыйзамсыз баюу жана Кой-Таштан жер тилкесин мыйзамсыз алуу боюнча.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости