www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - ...Алтын балык...

Кыргыз эл жомоктору бир нече муундагы балдарды тарбиялап келген, анткени алар ар дайым кызыктуу, пайдалуу болгон. Балага ата-бабалардын салт-санаасы жана жашоосу жөнүндө билим берүүнүн эң жакшы жолу. Жомоктордун тарбиялык таасири — кандай гана оор, кыйын нерсе болбосун адам баласы аларды жеңе алат, акыры чындык, актык адамды бакытка бөлөйт деген ойду сиңдире алгандыгында. Жомоктордун окуяларын жана каармандарын сүрөттөөдө чек жок. Бүгүн, биз интернет булактарынан пайдаланып, "Алтын балык" жомогун окурмандарга сунуштоону чечтик. 

Бар экен, жок экен, ач экен, ток экен.
Илгери-илгери өткөн бир заманда,
Көк деңиздин боюнда,
Бир кемпир чал болуптур.

Алар бир жер тамда турганына,
Отуз үч жыл толуптур.
Чал күнүгө деңизге,
Балык уулоого барчу экен.

Кемпир дайым үйүндө,
Ийик ийрип отурчу экен.
Чал бир күнү эртелеп,
Деңизге барып тор салды,
Тартып алса энтелеп,
Илип чыкты чөп-чарды,
Эх деди!

Экинчи жолу абышка,
Ыргытып салса торду деңизге.
Илип чыкты камышты,
Ох деди!

Үчүнчү жолу абышка,
Кыйналып кысталып тор салса.
Илип чыкты бир балык,
Алтын экен караса,

Ооо! Кишиче сүйлөптүр:

-Мени койо бер абышка,
Көк деңизге кетейин.
Мен сенин каалаганыңды,
Жасап берейин.
Мен алтын балыкмын.

Балык алып барбасам,
Кемпир наалып урушат.
Балык алып барайын десем, кичинекей.
Анын үстүнө бул алтын балык экен.
Алып барбайын десе үйүндө эштеке жок экен.

Бирок чал ошол жерден өзүн кармап, кой ушул байкушту койо берейин, ушул канча тамак болмок эле дейт. Бар деп деңизге ыргытып ийет. Отуруп карган киши, тез эле чарчап калат. Мурдагыдай тор салалбай калат. Анан үйүнө келет.

-Кемпир:
Эмне болду балык туттуңбу? - дейт
-Балык тута алган жокмун. Бир эле балык туттум, кичинекей, алтын балык экен. Мени койо бер деди.
-Эмнеге койо бересиң?
-Жок сен каалаган нерсеңди баарын жасап берем деди. Анан койо бердим.
-Анан эч нерсе сураган жоксуңбу?
-Эмне сурайт элем.
-Бар тез-тез алтын балыктан сурап кел. Карачы биздин тепченин кебетесин. Жаңы тепче сурап кел.

Ох деп, абышка деңизге келип. Алтын балык! Алтын балык!Тынч турган деңиз толкуп бир чоң толкун менен кошо чыгат.

-Кел абышка эмне сурайсың?
-Кемпирим айтты кир жууган тепчебиз сынып калды ошону жасап бербейсиңби?
-Бара-бер сен айткан нерсе сен баргычакты орундалат.

Чал колун аркасына алып алып келсе, жап-жаңы тепче турат экен. Кемпири алыстан көрүп алып:

-Эй жинди абышка бир эле тепче сурайсынбы?
Биздин үйүбүздү карачы. Үйдү кошо сурабайсыңбы? — дейт. Сыйкырчыга жөн эле нерсе да. Бир эле тепче сурайсынбы? Бар тез-тез.

Ох деп чал кайра жөнөйт. Алтын балык! Алтын балык! Тынч турган деңиз толкуп бир чоң толкун менен кошо чыгып:
-Кел абышка эмне сурайсың?
Кемпирим бир эле тепче болбойт, үйүмдү да жаңы кыл дейт. Үйдү жаңылап бере аласыңбы? - дейт.
-Ой аксакал бара бер, сен баргыча сенин каалоң аткарылат.

Чал үйүм бүтүп калабы же жокпу деп ойлонуп калат. Алыстан караса үйү тим эле жаркыраган кызыл, сары, көк боектор менен боелгон, жап-жаңы ошол жердеги эң байдын үйүндөгүдөй үй турат. Балкондору да бар экен. Баягы кемпир балкондо турат.
-Эй бол тез-тез үйгө кирбе. Тез-тез кайра бар!
-Эмне болду?
-Мен байбиче болом.

Байбиче деген бул байдын кемпири. Бай болоюн үйүбүздүн ичинде баягыдай идиш жууган, кызматкерлер, малайларыбыз болсун дептир. Биздин үйдү кайтарган, малыбызды баккан, жигиттер болсун, пол жуугандар болсун дейт. Ой эми өзүбүз эле жууп тазалап алат элекпиз да.
-Бар, тез-тез.
Чал кайра барат. Абышка жөнөкөй уялчаак болот. Кайра кайра барып сурагандан уялат. Алтын балык! Кайра толкуп алтын балык чыгат:
-Кел абышка эмне болду? - дейт.
-Кемпирим айтат тепчебиз сонун болуп калды, бирок ошончо үйдү тазалаганга, бизге тамак жасаганга, малайлар, ашпозчулар, малды кайтарган жигиттер болсун деп атат. Абышка уялып айтат.

Бара бер абышка, сен каалагандай болот дейт. Абышка келсе малайлар эшиктерин шыпырып атат, тамактарын жасап атат, идиш аяктарын жууп атат, бирөөлөр койлорун, бирөөлөр өрдөктөрүн айдап жүрүшөт. Кемпири болсо чоң үстөлдүн үстүндө тамак жеп атат.
-Оо, сонун болуптур.
-Сен келесоо мен айтпасам ушунун баарын кылбайт элең.
-Жакшы болгон турбайбы! - деп столго отурганы жатса,
-Олтурба! Олтурба!
-Эмне болду?
-Бар алтын балыкка барып айт. Мен мындай байбиче болгум келбей эле, мен падыша болгум келип атат дейт. Мен мындай жашабайм.
-Оо, болот ушу десе.
-Жап! болбосо жигиттердин бирөөсүнө сабатып коем.
-Болду болду.

Абышка деңизге барып, алтын балык! Алтын балык! Алтын балык чыгып келип:

-Абышка эмне болду? Мен жасап берген сыйкырдуу үйлөр жагып атабы?
-Ооба жагып атат. Рахмат. Эми кемпирим жөнөттү. Байбиче болбойм падыша болом дейт.
-Макул макул бара бер. Оңой эле. Кемпириң сен баргыча падыша болот дейт.
-Рахмат.

Жүрөгү түшүп барып караса заңгыраган хансарай салынып калыптыр. Кемпирин бирөөлөр желпип турат, жигиттер найза-кылычтар менен карап турат, аскер турат дейт. Чалдын оозу ачылып калыптыр.

-Кандай чал? Кандай болуп калыптырмын? Алтын кийимдерим менен?
-Жакшы жакшы. Кемпирине бөжөйүп калып, бир аз тамак ичип алайын дейт.
-Ай тамакты анан ичесин! Барып айт! — дейт. Мен падыша болдум эми алтын балык жегим келип атат дейт.
-Тамак толтура турбайбы?
-Алтын балыкты кантип жейсиң ал кичинекей да. Ушунун баарын кылып бербедиби.
-Ошондой болуп атат. Жегим келип атат.
-Алтын балыкты алып кел . Болбосо азыр токмоктотуп салам.

Абышканын жүрөгү түшүп калат. Желдеттери бири найзасын, бири кылычын, бири жаасын кармап калат. Бул кемпирге жин тийиптир.

-Алтын балык!
-Алтын балык! Толкун болуп астынан чыкса, өңгүрөп ыйлап атыптыр.
-Эмне болду?
-Айта албайм .
-Айт, айта бер, сен жакшы адамсыңда.

-Эми падыша болгону аз келгенсип эми сени жегиси келет экен. Тутуп алып кел. Ошону жейм деп атат.

Алтын балык башын чайкап:
-Бар бара бер капа болбой бара бер. Алтын балык секирип туруп, толкунду куйругу менен чаап туруп, суу чачырап кетиптир. Балык тик секирип туруп деңизге кирип кетет.

Чал эми эмне балээ болот. Алтын балык учуп барса тиги куруп жеп отурат го деп барса.

Баягы алтын сарай жок, баягы жигиттери жок, мал-салдар жок, бак-сак жок, баягы сынып калган тепчи бар эмес беле ошол сынып, жарылган бойдон турат. Баягы кыйшайган үйү жамгыр жаса тамчылары өтүп кеткен, баягы кемпирдин алтын кийген кийими жок, чачтары саксайган, кийимдери жамаачы, жыртык, кир. Кемпир темсейип эшиктин алдында тепкичте отурат экен.

Алтын балык таарынып кетип калат. Кемпир суктугунан илгерки таз кейпин кийип калыптыр.

Мына окурман бүгүн, kyrgyz-audio.com сайтынан коомчулукка ушул жомокту сунуштоону чечтик. Албетте бирибизге эмес, баарыбызга жана бийликке мисал болуп, көзүбүз ачылып калаар деген ой менен...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости