www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кыргыз керемети" деп аталып калган кыргыз киносундагы көрүнүш даректүү кино тармагында башталган. Бул тууралуу кинорежиссёр, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Асанкожо Айтикеев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

--"1960-жылдары Фрунзеде тартылган даректүү тасмаларды көрүп, атактуу советтик кинорежиссёр Роман Кармен: "Мен эки нерсеге таң калам: кичинекей Вьетнамдын эли Америкага каршы согушуп жатканына жана кичинекей Кыргызстанда ушундай тасмалар тартылып жатканына – бул деген керемет", - деп айткан. Дал ошол Кармендин сөзүнөн улам "Кыргыз керемети" деген түшүнүк калыптанган.

Азыр деле көптөгөн даректүү тасма тартылып жатат, бирок коомдо аларга жетиштүү көңүл бурулбайт. Учурда көп таланттуу жаштарыбыз өзүлөрүнүн коцепцияларын, идеяларын айтып жатышат. Бирок, бардык маселе каражатка барып такалат. Кино тармагын жетиштүү түрдө өнүктүрүү үчүн көп каражат талап кылынат. Анан дагы даректүү тасма татаал жанр, аны тартуу оңой иш эмес", - дейт Айтикеев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости