www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Атамбаев сот залында дагы жаңы чуу салды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден-соолугунан кыйналып жатканын айтып, аны сот залынан чыгарып салууну талап кылды. Жергиликтүү ЖМКлар жарыялаган видеодо көрүнүп тургандай, ал кыйналып жатканын айткан.

"Менин грыжам бар. Отура албайм, колдорум кыймылдабай жатат. Жанымды кыйнап, шакаба чеккенди токтоткула! Өмүр бою эркимен ажыратып салгыла, акмактар! Мындай башаламандыкты токтоткула! Судья мени сот залынан чыгарып салсын, анын укугу бар", — деди Атамбаев.

Андан соң ал айнек тосмону тепкилеп, залда отурган анын тарапташтары колдоого алгандан кийин саясатчыны конвоирлер алып кетти. Эске салсак, Биринчи май райондук сотунда октябрь окуялары боюнча соттук отурум өтүп жаткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости