www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ала-Арча капчыгайынан 41 жаштагы Борис Михайлов менен анын 8 жаштагы кызы Руфина Михайлованын жансыз денелери суудан табылды. Алар 3-август күнү эртең менен түнөгөнү барып, кийинчерээк байланышка чыкпай калышкан.
Медиа-эксперт Семетей Аманбековдун божомолу боюнча ата менен кыз дал ушул өтмөктөн өтүп жатканда кулап түшүшкөн. Сегиз жаштагы Руфина тайып жыгылган соң атасы Борис Михайлов кызын куткаруу үчүн артынан секирген.
«Президенттин иш башкармалыгынын балансындагы Ала-Арча жаратылыш паркында коопсуз бир өтмөк жасай албайбызбы? Бул өтмөк аркылуу миңдеген туристтер, альпинисттер «Чоң Ала-Арча» жана «Голубина» мөңгүлөрүнө өтөт. Паркка кирип бара жаткан ар бир унаадан 700 сомдон алашыт. Бул акчалар кимдин чөнтөгүнө кетип жатат? Мен билем, ал жакта ар дайыма жол тыгыны, кезек күткөндөр көп», — деп суроо узатты эксперт.
Булак: NazarNews.kg