www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алматыда аялына болушкан эркек өз энесин сабаган. Анын натыйжасында улгайган эненин мээси чайкалып, колу сынган. Буга кошо көптөгөн жеңил жарааттарды алганы маалым болду.

Алатау районунун прокуратурасынын көрсөтмөсү менен кылмышка шектүү 49 жаштагы С.А.В. кармалган.

Анын аракети бейбаштык максатта алсыз абалда турган адамга карата атайын мыкаачылык менен жасалган, ден-соолукка атайылап орточо оор залал келтирүү катары квалификацияланат.

Кылмышка шектүүнү камакка алуу боюнча тергөөчүнүн өтүнүчүн прокуратура колдоп, соттун санкциясы менен 2 айга камакка алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости