www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Садыр Жапаровго катыбыз, үнүбүз жетпей жатат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Советтер Союзунун аксакалдар кеңешинин төргасынын орун басары, Чүй облусунун тургуну Байышбек Нааматов.

--“Садыр Жапаровго катыбыз, үнүбүз жетпей жатат. Себеби, биз бир канча көйгөйдү, айтып кат менен коомдук кабылдамасына кайрылганбыз. Тилекке каршы анын алдындагы адистер 30 жылдан бери иштеген, коррупцияга баткан адамдар экен. Тактап айтканда, алар биздин каттарды өз убагында президентке жеткирбей, ишти алдыңкы этаждан эле бүтүрүп салышууда. Ошондой эле, Кыргызстандын аймактарындагы аксакалдар биригип, Жапаровго кеңешибизди айталы деген ниет менен кат жолдогонбуз. Бирок, тоскоолдуктар абдан көп болууда. Баягы эле Алмазбек Атамбаев жана Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбековдун заманындагы адамдар иштеп, маселебизге бут тосууда.

Мисалы, Баткен облусунда Абдымалик Ботаяров деген кыргыз элинин тынчтыгын коргоп, өмүр боюу аскер кызматкери болгон адамга акыйкат чечим болбой жатат. Себеби, ал кишини Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу Икрамжан Илмиянов аябай кысымга алган. Илмияновдун буйругу менен адамдары жалган жалаа жаап, түрмөгө камашкан. Аскердик наамдарынан ажыратышты. Ботаяров 2 топтогу майып, ошого карабастан анын мойнуна көп суммадагы акчаны илип, төлөтүшкөн. Айтайын дегеним ушуга чейинки сот, прокурорлор, дагы башка тиешелүү органдагы адамдардан көңүл калды. Бул адамды акыйкатсыз жолу менен бир канча жолу камап, кыйнашты.

Азыр дагы адилеттүүлүк жок болууда. Ошол Алмазбек Атамбаевдин убагындагы эле адамдар иштеп, карапайым элди эзип жатат. Андыктан УКМКнын төргасы Камчыбек Ташиевге, Садыр Жапаровго кайрылат элем. Коррупцияга баткан адамдардан бир тазалансак, кыргыз элине чоң жеңиш болот эле. Болбосо элдин чөнтөгүн кагып бүтүштү. Чындык издеп чыркыраган, акыйкат издеген жарандарыбыз абдан көп”, - дейт Нааматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости