www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО – Байден: «Путин бийликте кала албайт»

АКШ президенти Джо Байден Орусияда бийликти алмаштырууну талап кылбаганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.«Жок», -  деди Байден журналисттерге тиешелүү суроого жооп берип жатып. Байден Европага болгон сапарын аяктап, ишемби күнү Варшавада Украинадагы кырдаалга арналган узун сөз сүйлөдү.

Ак үйдүн башчысы Орусияга жана анын жетекчилигине атайын аскердик операцияга байланыштуу көптөгөн айыптоо айткан. Сөзүнүн аягында Байден Украина «эч качан Орусия үчүн жеңиш болбой турганын» жана орус лидери «бийликте кала албасын» айткан. Кийинчерээк Ак үй Байдендин бул сөздөрү Орусиядагы бийликти алмаштырууга чакырбайт деп тактады.

Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Байдендин сөздөрүнө комментарий берип жатып, Орусияда бийликте ким экенин америкалык лидер эмес, мамлекет башчысын орус жарандары шайлоо аркылуу тандаарын белгиледи.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости