www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-ноябрда  “Мекенчил” партиясынын активисти Бакай Кашкарбаев Facebook социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, депутат Өмүрбек Текебаев Финполициянын жетекчиси Сыймык Жапыкеевдин “кухнясына” конокко барганын айтып, ал жакка чакырылбаганын айтып нааразы болду.

“Өмүрбек Чиркешович, мен телефон номеримди айтпадым беле, мени да чакырып койсоңуз болмок мен да бармакмын” – деди ал.

Андан кийин ал түз эфирин хакерлер өчүрүп жатканын айтып, ага Өмүрбек Текебаевди айыптады.

“Чиркешович өйдө жакка “заказ” берген го, Фейсбугун өчүр деп. Анын айласы кетип жатат, Бакай деген баладан кантип кутулам деп Сыймыкка барып жабышыптыр. Тапкан досуң ошолбу? Позицияңар бир болуп, дос болгону жатасыңарбы?” – деди ал.

“Өмүрбек Чиркешович, сен камаласың. Сен камалчу адамсың. Сен депутаттык мандатты мыйзамсыз алдың, биринчи ошондон камаласың. Атайын соттор менен “сговорго” кирип, мандатты мыйзамсыз алып алдың. Сен камаласың. Сенин саясий карьераң бүттү. Силер чал болуп бүттүңөр. 2010-жылдан бери кайдыгер мамиле кылбай, 10 жылдын ичинде элдин жашоосун оңдоп койбойт белеңер?! Атамбаев менен “сүзүшкөндөн” башка 10 жыл эмне кылып жүрдүң? Андан башка пайда кылган жоксуң. Бир гана өзүңдүн кызыкчылыгыңды, чөнтөгүңдү ойлодуң, элди ойлогон жоксуң. Элди ойлосоң октябрдагы революция болбойт болчу. Ошого түздөн-түз сен күнөөлүүсүң, Чиркешович” – деди Бакай Кашкарбаев.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости