www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоодон уткан партияларга утулгандар көп өтпөй төңкөрүш жарыялайт. Мындай пикирди бүгүн, 16-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине саясат таануучу, эксперт Бакытбек Жумагулов билдирди.
- Партиялар кризиси деп айтып калдыңыз. Ошондо утулган жана уткан партиялардын аты гана саясий партия болуп чындыгында андай эмес го?
- 1991-жылдары белгилүү “Ата-Мекен”, “Эрк”, “СДПК” сыяктуу саясий партиялар калыптанып баштаган. Ошону менен бирге бийлик дагы “Алга Кыргызстан” сыяктуу өзүнүн саясий партиясын калыптап баштады. 2005-жылдары “Алга Кыргызстан”, 2010-жылы “Ак-Жол” партиясы келди. Бул партиялар жеңип мандаттарга ээ болгону менен көп өтпөй, утулуп калган саясий партиялар аларды кайра эле төңкөрүп салышкан. Себеби утулган партиялар стратегиясы, тактикасы, идеясы менен бөлүшүп, эл менен кошо адилеттүү иш алып барган.
Маселе ошол кездеги президенттердин парламентти башкарабыз, стабилдүүлүккө алып келебиз деген максаттары ишке ашпай калып жатты. Буга парламентти саясий партия аркылуу прапорцианалдык системага келгенде пайыздарын көтөрүп койуусу дагы себеп болду.
Парламент деп аталат бирок президенттик администрация кандай кааласа ошондой калчап келе жатат. Биз бул маселенин баарын көрүп, айтып да жаттык. Анын баарын бийлик уккан дагы көргөн дагы жок. Ошондон улам 2020-жылдагы окуя болуп кетти.
Булак: NazarNews.kg