www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ректорлордун форумунда үзүктөй чоң баннерден олчойгон ката кеткенин мойнуна албай, «эки ката эч нерсе эмес» деп мурдун балта кеспеген мурдагы билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева 303 миллион 82 миң сомго чыгарган 32 наамдагы 3 миллион 330 миң 861 мектептер үчүн окуу китептеринин бардыгы ката болуп, жараксыз (3) деп табылган.
Ошол билим берүүнүн бир жагын чойгон айым азыр Москванын чок ортосунан үй алып, Арбатта жашайт экен. Китеп чыгарууга бөлүнгөн акчаны каалагандай «мойсоп», Индия, Вьетнамдан чыгарган сапатсыз китептеринин ышпалдасы чыгып, небак эле жарабай калган.
Ал эми «Мыйзамсыз баюу» беренеси менен экс-өкмөт башчыларынан тарта «кустуруп» жаткан күч органдары экс-министр Г.Кудайбердиеванын ишмердүүлүгүн териштиреби, же Акылбек Жапаровго көз жумгандай көрмөк болуп коёбу?
Булак: Азия News гезити