www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиевдин айтканына караганда, өлкөдөгү идеология театр жана искусство тармагында жүрүш керек экен. Белгилүү бир максатка багытталган идеология башталбай жатса, театрга эл барбаса, артисттери эл аралап гастролго чыкпаса, кайсы идеология тууралуу айтып жатат?

Аймактардагы китепканалардын фонду толукталганды коюңуз, иштебей турса, клуб, маданият үйлөрүн кара кулпу кайтарып турса, Кайрат Иманалиев кайсы идеология тууралуу айтууда?

Ушундан улам бир ой пайда болот: бу маданият министри Кайрат Иманалиев идеология деген эмне экенин билеби, деги түшүнөбү, же дубал сүзө береби?

Ал айча бел аспиранткаларды жандаган кашкабаш профессорлордон, Сыртбай Мусаевге окшогон дүжүр чалдардан жумушчу топ түзүп алып, жасалма программа жаздыра салса эле идеология болуп жатып калабы?

Бу идеология дегенибиз өлкөнүн саясий, экономикалык, социалдык турмушундагы зарылчылыктан келип чыгат эмеспи. Ар кайсы даяр китептерден көчүрүлгөн халтуралар иштебейт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости