www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйыл 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого карата чет өлкөдө 57 шайлоо тилкеси ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 16-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын  төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттерге билдирди.

--“ Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктардын парламенттик шайлоодо добуш берүүсүн камсыз кылуу максатында добушканалардын саны 48ден  57ге көбөйдү. Чет жердеги шайлоо тилкелери элчилик, башкы консулдуктардын имараттарында жайгашат. Бул боюнча азыр иштер катуу жүрүп жатат. Мекендештердин суранычы менен Орусиянын Хабаровск, Самара, Казан, Краснодар, Томск, АКШнын Нью-Йорк, Чикаго, Италиянын Кальяри жана Түркиянын Анталия шаарында добушкана ачуу ишке ашууда. Чет жакта 68 миңдин тегерегинде шайлоочу бар. Добуш берем деген жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоодон өтүшү керек. Бул шайлоочулардын тизмесин аныктоого көмөк көрсөтөт. 

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Парламент 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. Шайлоого катышуу ниетин билдирип БШКга 75 партия арыз тапшырган. Учурда бир мандаттуу округдардан талапкерлер БШКга арыздарын тапшыра баштады.

Эми саясий уюмдар 13-октябрга чейин курултайларын өткөрүп, жабык добуш берүү аркылуу талапкерлердин тизмесин түзүүгө тийиш. Андан кийин 18-октябрга чейин 1 миллион сом шайлоо күрөөсүн төгүп, тиешелүү документтер Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) тапшырылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости