www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Баткен шаарынын кире беришине посттор орнотулду

Баткен шаарынын кире беришине посттор орнотулуп, негизги жолдор жабылды.

Ошондой эле каттамдын бир бөлүгүндө жарылбай калган снаряддар болушу мүмкүн экени белгиленген.

Баткенди көздөй бет алгандар негизги трассаны айланып өтүүгө аргасыз. Аталган постто милиция кызматкерлери да нөөмөттө турушат.

Эске сала кетсек, 16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталган. Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылды. Саламаттыкты сактоо министрлиги 103 адам жабыркап, 24 адам каза болгонун билдирди. Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондорунун жети айылынын, ошондой эле Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен.

Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон ок атышууну токтотуу боюнча макулдашты. Бирок, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын акыркы маалыматы боюнча, тажик тарап келишимдерди кайрадан бузган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости