www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларусь менен Польшанын чек арасындагы качкындардын лагеринде БУУ өкүлдөрү тамак таратып жатканда башаламандык жаралды.

Мигранттардын бири ыктыярчылардын колунан тамак-ашты жула баштагандыктан ызы-чуу жаралып, бир аял жабыркады. Аны топ адамдын арасынан алып чыгып медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Бир сутка ичинде 18 киши медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Тез жардам кызматынын бригадасы качкындар жайгашкан жерге 20 жолу барган. Кырдаалды аба ырайынын сууктугу оорлотуп жатат. Түнкүсүн абанын температурасы минусту көрсөтүүдө.

Жайында Белоруссия менен Польшанын, Литва менен Латвиянын чек ара тилкелеринде Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка мамлекеттеринен келип, Батыш Европага өткүсү келген качкындардын саны көбөйгөн. Кырдаал 8-ноябрда курчуп, тикенек зым тартылган жерге эки миңге чукул адам топтолгон. Польшанын күч органдары көздөн жаш агызуучу газ колдонуу менен качкындарды токтоткон. Мигранттар лагерь уюштуруп алышты. Алардын көбү балдары менен.

Варшава, Вильнюс жана Рига мындай көрүнүштүн жоопкерчилигин Белоруссияга илип жатат. Минск болсо четке кагууда. Президент Александр Лукашенко элдин агымын мындан ары кармап тура албай турганын айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости