www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Бишкекте шайлоочуларды сатып алуу факты катталды

Бишкек шаарында добуш сатып алуу фактысы катталды, деп билдирди бүгүн, 27-ноябрда Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы.

26-ноябрда Биринчи май РИИБге аял киши кайрылып, үгүт маалында саясий партиялардын бирине жана бир мандаттуу округдагы талапкер үчүн 3 миң сомго добуш сатып алууга аракеттенген Н. аттуу жаранга чара көрүүнү суранып кайрылган.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 192-беренеси (Шайлоочуларды сатып алуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жарандарды аныкташты. Алар: Н.Б. жана 1996-жылы туулган Ч.А. аттуу жарандар экени белгилүү болду.

Милиция кызматкерлери шектүүлөрдүн унааларын текшерип, 76 миң 700 сом акча табышты.

Тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости